Жалпы аянты 11 миң м2 болгон Вагенинген университетинин кампусуна курулган комплекс өзүнө бир нече имараттарды камтыйт. Башкы имаратта лабораториялар, кеңселер, ресторан жана конференц-зал жайгашкан, зоология жана ботаника кафедралары үчүн өзүнчө томдор тургузулуп, алардын ортосунда эксперименталдык күнөсканалар жана көлмөлөр түзүлгөн.
Институттун башкы имаратынын архитектуралык сүрөтү эки карама-каршылыктуу көлөмдүн айкалышына негизделген: туурасынан багытталган плита жана анын так ортосуна коюлган куб. Комплекстин төмөнкү бөлүгү толугу менен айнектелген эки кабатты камтыйт, ал эми үстү жыгач устундар менен капталган чарчы көлөмдө болот. Биринчи эки кабатта, имараттын сырткы периметри боюнча лабораториялар жайгашкан, алардын толук кандуу иштеши үчүн күндүзгү максималдуу жарык керектелет, ал эми борбордо бөлмөлөр, тескерисинче, караңгылатууга муктаж. Тегиз төбөсүндө үч чатырчасы бар борбордук том кеңселер үчүн күндүн нурун алып турат.
Комплекс толугу менен кайра иштетилүүчү материалдарды жана энергоэффективдүүлүктүн эң алдыңкы технологияларын колдонуу менен курулган жана анын долбоору бешиктен бешикке чыгуу принцибине негизделген, ал объектинин айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен иштешин жана аны толук утилдештирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Тактап айтканда, имараттын каркасы эч кандай зыяндуу кошулмаларды, эриткичтерди жана жасалма герметиктерди камтыбаган бетондон жасалган. Колдонулган башка бардык материалдар винилхлоридсиз экендиги тастыкталып, долбоордо колдонулган жыгач FSC стандартына дал келет.
Ошентип, дүйнө жүзүндөгү экологиялык кырдаалды жакшыртууга жардам берүү максатында, институт өз миссиясын жаратылыш үчүн таптакыр коопсуз имараттын курулушу менен аткара баштады.
А. М.